Коом

Кыргызстан менен Орусия соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга чейин жеткирсе болот

Кыргызстан менен Орусия эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга чейин көбөйтө алат. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов брифингде билдирди.

Ал эки өлкөнүн ортосундагы соода алакасы туруктуу өсүп жатканын белгиледи.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, былтыр бул көрсөткүч 3,1 миллиард доллардан ашкан.

«Бардыгы өнөктөш өлкөнүн экономикалык туруктуулугуна байланыштуу болот. Азыркы көрсөткүчтөр жакшы. Эгер ушул багыт сакталса жана бардык шарттар туура келсе, товар жүгүртүүнү беш миллиард долларга жеткирүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Андан кийин жаңы максатка умтулабыз», — деди элчи маалымат борбордогу брифингде.

Дипломат эки мамлекеттин президенттери товар алмашууну беш миллиард долларга жеткирүү боюнча тапшырма койгонун белгилеген. Ага жетүү үчүн бир нече негизги багыт бар экенин белгиледи. Ага Россиядан келген инвестицияны көбөйтүү, жаңы долбоорлорду ишке ашыруу жана ишканалардын түз кызматташуусун күчөтүү иштерин атаган.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button