Коом

2025-жылы крипто рыногу бюджетке 700 миллион сомдон ашык киреше алып келген

Өткөн жылы Кыргызстандын виртуалдык активдер рыногунан бюджетке 701,9 миллион сом салык түшкөн. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдирди.

Салык түшүүлөрдүн негизги бөлүгүн виртуалдык активдер кызматын көрсөтүүчүлөр — алмашуу пункттары жана криптобиржалар камсыз кылган. 2025-жылы алар бюджетке 495,76 миллион сом төлөшкөн, бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп.

Майнерлер болсо бюджетти 206,17 миллион сомго толукташкан. Бул 2024-жылдагы 155,8 миллион сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору.

Мекеменин маалыматына ылайык, салык түшүүлөрдүн өсүшү виртуалдык активдер секторунун өлкө бюджетине кошкон салымы жогорулап жатканын жана рынокту мыйзамдаштыруу менен жөнгө салуу чараларынын натыйжалуулугун тастыктайт.

2025-жылы виртуалдык активдер рыногунун жалпы жүгүртүүсү 31 миллиард АКШ долларынан ашкан.

Тектеш кабарлар

Back to top button