Коом
«Чатыр-Көл» кинотеатры бузулуп, ордуна маданий борбор салынат

Бишкектеги өрттөнүп кеткен «Чатыр-Көл» кинотеатрынын имараты бузула баштаганын мэриядан кабарлады.
Маалыматка ылайык анын ордуна маданий борбор салынат.
«Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы объектинин айланасына тосмо орнотуп, имаратты буза баштады. Бир нече жылдан бери жарым-жартылай бузулган абалда болчу. Терезелери жана эшиктери талкаланган, аймагы каралбай калган», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, «Чатыр-Көл» кинотеатры 1967-жылы курулган. Эгемендик жылдары менчикке өтүп кетип, 2010-жылы улутташтырылгандан кийин «Учур» театрына берилгени менен колдонулбай турган. Былтыр 5-ноябрда ал жерде өрт чыгып, эски имарат толук күйүп кеткен. Кырсыктан кийин ал мэриянын баланасына өтөрү айтылган.



