Коом
Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолуна кар көчкү түштү

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 291-чакырымында (Кара-Үңкүр капчыгайы) кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда жол бир тараптуу ачык, унаалар кезек менен өткөрүлүүдө.
Кар көчкүнүн так көлөмү такталууда.
Окуя болгон жерде №41 жол тейлөө ишканасынын тиешелүү техникалары тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.



