Коом
30-октябрга карата аба ырайы

Эртең, 30-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2… +7, күндүз +16… +21;
Талас жергесинде түнкүсүн +5… +7, күндүз +21… +23;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7… +9, күндүз +18… +23 градус жылуу;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +2… +4, күндүз +11… +13;
Нарын аймагында түнкүсүн +0… +2, күндүз +12… +14 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +5… +7, күндүз +18… +20 градуска жетет.



