Пайдалуу кеңештер

Биолог кышында организм үчүн эң пайдалуу жемиштерди атады

Кыш мезгилинде бизде С витамини жетишсиз болот, ал эми мандарин, апельсин, грейпфрут, помело сыяктуу цитрус жемиштери бул витаминге бай экенин биолог Виталий Наполов билдирди.

Адистин айтымында, цитрус жемиштери курамындагы С витамининин эсебинен организмди вирустардан жана бактериялардан коргоого жардам берет. Мындан тышкары, кыштын аягында курма да абдан пайдалуу. Ал да С жана А витаминдерине, В тобундагы витаминдерге, калий жана магний сыяктуу минералдарга бай. Бул заттар иммунитетти чыңдоого гана эмес, жүрөк-кан тамыр системасынын жана тамак сиңирүүнүн ишин жакшыртууга да жардам берет.

Биологдун айтымында, күнүнө 2–3 даанадан ашык курма жебөө сунушталат.

«Кыш — анар мезгили. Азыр базарларда эң бышкан анарлар сатылууда. Анар С, P, B6, B12 витаминдеринин булагы болуп саналат, иммунитетти, жүрөк менен кан тамырларды бекемдейт, курамында күчтүү антиоксиданттар бар. Анарды жана анын ширесин үзгүлтүксүз колдонуу гемоглобинди көтөрүүгө, кан басымды төмөндөтүүгө, тамак сиңирүүнү жана зат алмашууну жакшыртууга жардам берет. Анар калийге, магнийге жана клетчаткага бай, аз кандуулукта жана суук тийүүнүн алдын алууда пайдалуу», — деди Наполов.

Мындан тышкары, адис кышкы сорттогу алмаларды жөөнү сунуштады. Анын айтымында, алма С, В тобундагы, А, Е, K витаминдеринин, клетчатканын, калийдин жана антиоксиданттардын булагы болуп саналат. Алар иммунитетти, жүрөк жана нерв системасын бекемдейт, тамак сиңирүүнү нормалдаштырат, холестеринди төмөндөтөт, аз калориялуу болгондуктан арыктоого жардам берет жана организмди тазалоого өбөлгө түзөт.

«Банандар клетчатка менен пектинге бай, тамак сиңирүүгө жакшы таасир берет. Ошондой эле калийдин, магнийдин жана В6 витамининин булагы. В6 витамини “кубаныч гормону” — серотониндин синтезине катышат. Кышында бул чарчоого, уйкусуздукка жана нервдик чыңалууга каршы күрөшүүгө жардам берет. Бирок банан кыйла калориялуу», — деп белгиледи адис.

Тектеш кабарлар

Back to top button