Коом

ИИМдин кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн криминалдык авторитет Көлбаевдин жакын адамы кармалды

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

2025-жылдын сентябрь айынын башында Россия Федерациясынын Москва шаарынын аймагында биргелешип жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, оор кылмыштарды жасаган үчүн мурда бир нече жолу соттолгон жана мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жаранын кармоо жүргүзүлдү.

Кармалган жаран 1972-жылы туулган Б.У.К., криминалдык чөйрөдө  “Узун Улан” каймана аты менен белгилүү, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.  Ал Камчы Асанбектин эң жакын жана ишенимдүү адамы болгон, анын жеке коопсуздугуна жооп берген. Бир нече жолу криминалдык чыр-чактактарга катышкан, андан сырткары, “общак” кылмыш казынасын толтуруу максатында ишкерлерден коммерциялык фирмаларды жана кыймылсыз мүлктөрдү  опузалоо менен тартып алчуу.

 Жаран Б.У.К., 2019-жылы Бишкек шаарынын аймагында башка бирөөнүн өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлкүн ээлеп алууга жана каракчылык менен кол салууга айыпталууда.  Жабырлануучу чет өлкөнүн жараны болгон ишкер. 

 Азыркы учурда издөөдө жүргөн жаран Москвадан Бишкекке милиция кызматкерлери тарабынан алынып келинди. Тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button