Сауд Арабия кичи ажылык мезгилинин аяктоо мөөнөттөрүн расмий түрдө жарыялады

Сауд Арабиясынын бийлиги умра — кичи ажылык мезгилинин аяктоо мөөнөттөрүн расмий түрдө жарыялады.
Белгиленген тартипке ылайык, зыяратчылар үчүн визаларды берүү 19-мартта токтотулат. Мындай чечим падышалыктын парз болгон ажылык мезгилине даярдыгынын башталышына байланыштуу кабыл алынды.
Жакынкы убакта сапарды пландап жаткандар үчүн кирүү жана чыгуу боюнча так мөөнөттөр белгиленди. Чет өлкөлүк зыяратчылардын умра кылуу үчүн өлкөгө кире ала турган акыркы күнү — 2-апрель. Ошол эле учурда бардык зыяратчылар 18-апрелден кечиктирбей өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттүү.
Падышалыктын бийлиги визалык режимди бузгандыгы үчүн катуу юридикалык жоопкерчилик караларын эскертет. Белгиленген мөөнөттөн ашыкча өлкөдө болуу ири өлчөмдөгү айып пулга, депортацияга жана узак мөөнөткө Сауд Арабиясына кирүүгө тыюу салынуусуна алып келет.



