УКМК: Чагымчыл видео кайрылуу жасаган жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

2026-жылдын 20-февралында Манас шаарынын тургуну, «Instagram» социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу М.А.А. Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу баа берүү мүнөзүндөгү жана ошондой эле аймактар аралык тирешүүнүн пайда болушу мүмкүн экендиги тууралуу билдирүүлөрдү камтыган чагымчыл видео кайрылуу жарыялаган.
Мындан улам, УКМК тарабынан М.А.А.га карата алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Ага такталбаган маалыматтарды таратууга, мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн ортосундагы пикир келишпестиктер тууралуу божомол кылууга, ошондой эле аймактар аралык чыңалууну жаратышы мүмкүн болгон билдирүүлөргө жол берилбестиги түшүндүрүлдү.
Жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында М.А.А. мурда жарыялаган материалдарын өчүрүп, төгүндөөнү жайгаштырган.

УКМК улуттук, аймактык, расалык же башка негиздер боюнча жек көрүүнү же кастыкты козутууга багытталган аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келерин эскертет.



