Япония Кыргызстанга медициналык жабдууларды алууга 11,6 миллион доллар берет

Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 11 миллион 600 миң АКШ долларын бөлүп берет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Темирбек Эркинов Жогорку Кеңештин профильдик комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул каражаттар Ош шаарындагы бүткүл түштүк аймактын тургундарына кызмат көрсөткөн референс ооруканаларды жабдууга багытталат.
Гранттын алкагында ангиографиялык комплекс (кан тамырларына жана жүрөккө операция жасоо үчүн), МРТ (магниттик-резонанстык томограф), маммограф (эмчек ооруларын аныктоо үчүн) жана рентген аппараттарын сатып алуу пландалууда.
Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар жана социалдык маселелер боюнча комитети Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу долбоорун жактырды. Документ ушул жумада парламенттин пленардык жыйынында каралары күтүлүүдө.



