Коом

Эскертүү! Төө-Ашууда кар көчкү атайлап түшүрүлөт

Бүгүн Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүсүн атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, иштер Төө-Ашуу ашуусунда жүргүзүлөт. Буга байланыштуу жерине № 9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан атайын техникалар тартылып, кызматкерлер кырдаалга ыкчам аракет көрүү даярдыгында турат.

Мындар улам, саат 09:00дөн тарта Сосновка постунан оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.

Ал эми өлкөнүн башка унаа жолдорунда каттам бар, жол ачык.

Учурда жол тейлөө кызматтары тарабынан кар тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button