Дүйнө

Кытайда беш эм төрөлдү

Кытайда 24 жаштагы аял табигый жол менен бойго бүтүрүп, беш эм төрөгөнү тууралуу Hubei Daily басылмасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 26-февралда Шинжаң-Уйгур автономиялык районунун тургуну Дили аттуу келин Хубэй провинциясындагы ооруканада бир уул жана төрт кызды жарык дүйнөгө алып келген.

Төрөт кош бойлуулуктун 28 жума 6 күнүндө шашылыш кесарево жолу менен өткөн. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын салмагы болжол менен 870 граммдан 1030 граммга чейин болгон. Операцияга ар түрдүү тармактагы 20дан ашык медицина кызматкери катышкан.

Маалым болгондой, эне менен балдардын абалы туруктуу. Ымыркайлар андан ары көзөмөлдөө үчүн жаңы төрөлгөндөрдүн жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Дарыгерлер табигый жол менен беш эмге кош бойлуу болуу ыктымалдыгы өтө төмөн — ондогон миллиондун биринде гана кездешерин белгилешип, бул окуяны «кереметтердин керемети» деп аташкан.

Басылманын маалыматына караганда, буга чейин аялга энелик бездердин поликистоз синдрому диагнозу коюлган, бирок дарылангандан кийин кош бойлуулук табигый жол менен болгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button