Жогорку Кеңештин ишин ЖИ теле алыпаруучулар “Мырза” жана “Айым” чагылдырат

Жогорку Кенеште парламенттин ишин чагылдыруучу жана анын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүүчү жасалма интеллект системасы ишке киргизилди. Парламенттин басма сөз кызматында ЖИнин жардамы менен түзүлгөн теле алып баруучулар иштей баштады.
«Мырза» жана «Айым» аттуу теле алып баруучулар каралып жаткан маселелер боюнча видеоматериалдарды жана маалыматтык тексттерди даярдап, депутаттардын иши тууралуу коомчулукка маалымат берип турушат.
Эске салсак, төрага Марлен Маматалиев парламенттин ишин санариптештирүү жана заманбап технологияларды максималдуу колдонуу тапшырмасын койгон. Бул демилгенин алкагында парламент аппаратына тиешелүү тапшырмалар берилип, кыска мөөнөттө бир катар долбоорлор иштелип чыккан. «Мырза» менен «Айым» ошол ишке ашырылган долбоорлордун бири болду.



