Милицияга түнкүсүн тынчтыкты бузгандар менен күрөшүү укугун кошуп берүү сунушталды

Тиешелүү мыйзам долбоорун ИИМ демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.
Анда түнкүсүн ызы-чуу чыгарып, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөндөргө даттануу тийиштүү натыйжа бербей калганы айтылат. Анткени бул чөйрөнү жөндөгөн Санэпид департаменти күндүз гана иштеп, даттануулардын баарына жооп берүүгө жетишпейт.
Мындан улам жарандардын саламаттыгын сактоо, калктын тынчтыгы менен тынчтык эрежелерин сактоо укуктарын натыйжалуу коргоо үчүн ички иштер органдарына калк жашаган пунктуларда же коомдук жайларда тынчтыкты сактоо эрежелерин бузгандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча ыйгарым укуктарды берүү сунушталууда
Мыйзамда тынчтыкты сактоо эрежелерин бузган жеке жактар 10 миң сомго, юридикалык жактар 28 миң сомго айыпка жыгылары жазылган.
Министрлик бул демилгени ишке ашыруу үчүн 126 өлчөөчү прибор сатып алууга бюджеттен 44,1 млн сом талап кылынарын эсептеп чыкты.



