Алдыдагы жылдарга айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча стратегиялык пландар бекитилди

Алдыдагы жылдар үчүн өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация тармактарынын стратегиялык пландары белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кеңешме жыйынында Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Турат Идирисов билдирди.
Анын айтымында, багбанчылыкта фермерлерди сапаттуу, сертификатталган мөмө-жемиш көчөттөрү менен камсыздоо негизги багыт катары алынууда.
Үрөнчүлүктө 2028-жылга чейин кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн сертификатталган үрөнүн 37,1 миң тоннага жеткирүү пландалууда, бул учурдагы көрсөткүчтөн 30%га жогору. Илимий изилдөөлөр үчүн эки мамлекеттик питомник түзүлөт.
Өсүмдүктөрдү коргоо багытында Жалал-Абад жана Балыкчыдагы лабораториялар толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 2026-жылы ишке берилет. Борбордук токсикологиялык лаборатория 2027-жылы ачылат.
Кооперацияны өнүктүрүү боюнча кооперативдерге техника берүү улантылат; 2026–2027-жылдары 2000 гектарга жакын аянтка тейлөө көрсөтүлүп, 120дан ашык жаңы жумуш орун түзүлөт.
Министрлик стратегиясы айыл чарбаны туруктуулукка, ресурстарды үнөмдөөгө жана технологиялык өнүгүүгө багыттап, негизги максат катары өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу менен табиятка тийгизүүчү терс таасирди азайтууну белгиледи.
Технологиялык инновациялар: акылдуу теплицалар, тамчылатып сугаруу жана азыктандыруу системалары, автоматташтырылган робототехника, вертикалдык чарбалар, дрон жана спутник мониторинги. Бул чечимдер түшүмдүүлүктү 25–35%га чейин жогорулатууга, сууну жана жер семирткичтерди үнөмдүү пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.
Жогорку түшүмдүү жана кургакчылыкка чыдамдуу сортторду киргизүү менен продукциянын туруктуулугу камсыздалат, мисалы дүйнөлүк гибриддер “DroughtGard”.
Жыйынтыгында, министрлик алдыдагы мезгилде айыл чарбасын натыйжалуу, заманбап жана экологиялык туруктуу кылуу боюнча стратегиялык максаттарды аныктады. Иш-чаралар табиятты коргоо, алдыңкы технологияларды колдонуу жана эл аралык кызматташуу негизинде жүргүзүлөт.



