Коом
Улуттук Гвардияда студенттер үчүн ачык эшик өттү

2024-жылдын 6–мартында КР КК Улуттук гвардиясынын 10126 аскер бөлүгүндө Бишкек шаарында жайгашкан билим берүү мекемелеринин окуучулары жана студенттери үчүн ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.

Иш-чарага 1000 ашуун студенттер жана мектеп окуучулары катышты.

Анда, конокторго жоокерлердин казармасы, ашканасы жана спорттук залы көрсөтүлдү.
Соңунда ардак кароол ротасынын аскер кызматчылары саптык ыкмаларды көрсөтүп, аскердик техниканын жана курал-жарактын көргөзмөсү болду.





