Пайдалуу кеңештер

Депрессия менен күрөшүүдө жөнөкөй жана акысыз ыкма

Психиатр Дэниел Аман депрессия менен күрөшүүгө жардам бере турган жөнөкөй жана таптакыр акысыз ыкма бар экенин айтты. Анын психикалык ден соолукту жакшыртууга байланышкан кеңешин Mirror басылмасы жазды.

Аманын айтымында, жумасына төрт жолу 45 мүнөт тез басуу антидепрессанттарды кабыл алуу менен салыштырмалуу таасир берет. Ал адам кайсы бир жакка кечигип жаткандай ылдам басууну сунуштайт. Мындан тышкары, психиатр рационго омега-3 май кислоталарын кошууну жана терс ойлордон арылууга аракет кылууну кеңеш берди.

Бул ыкмалардын натыйжалуулугун тастыктоо үчүн ал Harvard Medical School жүргүзгөн изилдөөлөргө таянды. Ал изилдөөлөргө ылайык, физикалык көнүгүүлөр эндорфиндердин бөлүнүп чыгышына жардам берип, сезгенүүнү азайтып жана мээнин иштешин жакшыртат. Айрым изилдөөлөрдө күн сайын жарым саат жөө басуу да маанайды жакшыртары белгиленген.

Тектеш кабарлар

Back to top button