Коом
Январь айында байланыш тармагынан түшкөн киреше 3,4 миллиард сомдон ашты

Статистика боюнча 2026-жылдын январында байланыш кызматтарынан түшкөн киреше 3,4 миллиард сомду түздү.
Өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу бул көрсөткүч 3,9%га өскөн.
Почта жана курьердик сектор кыйла олуттуу өсүштү көрсөттү. Почта жана курьердик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн киреше январь айында 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу 18,4%га өсүп, 206,8 млн сомду түздү.



