Коом

Министр Эрлист Акунбеков Базар-Коргондо өтүп жаткан жарманке менен таанышты

Базар-Коргон районунда өтүп жаткан айыл чарба жарманкеси менен Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков таанышып чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, министр жарманкедеги сатуучулар жана жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен баарлашып, айыл чарба продукцияларынын баасы, жергиликтүү өндүрүштү колдоо жана ички рынокту камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурду. 

Анын айтымында, райондо иш алып барган «Агрокуш» ишканасы калктын жумурткага болгон муктаждыгынын болжол менен 70 пайызын камсыз кылып келет. Министр ишкананын өкүлдөрүнө продукциянын баасын туруктуу кармоо боюнча тапшырма берип, калкты сапаттуу жана жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу маанилүү экенин белгиледи. 

Ошондой эле министр социалдык мааниге ээ болгон азык-түлүктөрдүн, айрыкча эттин баасын негизсиз жогорулатпоону эскертти. Бул багытта жергиликтүү бийлик органдары жана тиешелүү кызматтар менен биргеликте бааларды туруктуу кармоо боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын айтты. 

Мындан тышкары, министр аймакта айрым айыл чарба продукциялары негизинен коңшу өлкөлөрдөн, анын ичинде Өзбекстандан импорттолуп жатканын белгилеп, мындай продукцияларды Кыргызстанда көбүрөөк өстүрүп, жергиликтүү рынокко арзан баада сунуштоо боюнча иштерди активдештирүү керектигин баса белгиледи. 

Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундарды сапаттуу жана жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы айтылып, тиешелүү түзүмдөргө бул багытта ишти күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button