Дүйнө

Можтаба Хаменеи Ирандын жаңы жогорку лидери болуп шайланды

Ирандын Эксперттер кеңеши маркум Аятолла Али Хаменеинин уулу Можтаба Хаменеини өлкөнүн жаңы жогорку лидери кылып шайлады. Бул тууралуу 9-мартта Ирандын Fars маалымат агенттиги билдирди.

Агенттиктин маалыматына караганда, мындай чечимди Ирандын жогорку лидерин дайындоо жана кызматтан алуу ыйгарым укуктары бар орган — Эксперттер кеңеши кабыл алды.

Можтаба Хаменеи диний ишмер жана буга чейин өлкөнүн саясий турмушуна активдүү катышкан, ирандык диниятчылардын таасирдүү мүчөсү деп эсептелет.

Тектеш кабарлар

Back to top button