Окуялар
Аламүдүндө мыйзамсыз 9 млрддан ашуун сомго сатылган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Аламүдүн району аймагында мыйзамсыз сатылып кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук прокуратурасы текшерүү жүргүзүп, 2006-жылы Таш-Дөбө айыл аймагы аймагында жайгашкан 10,72 гектар жер тилкеси жеке адамдарга мыйзамсыз сатылып кеткенин аныктаган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, анын негизинде баасы 9 млрд 161 млн 526 миң 400 сомду түзгөн 10,72 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.



