Окуялар
Бишкектеги “Баку” кафесинде кызды атып салам деп башына тапанча такаган адам кармалды

Аталган кафеде эркек киши кыздын башына тапанча такаган. Аны милиция бөлүмүнө алып кетишкендиги маалым болду.
Киев-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Баку кафесинде жаш жигит менен кыздын ортосунда чыр чыккан. Муну көргөн башка адамдар коопсуздук кызматкерлерин чакырышкан. Бир канча убакыттан кийин күзөтчүлөр ал кишини кармап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Шектүүдөн газ тапанчасы алынган. Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү 1995-жылы туулган Н.Ж., аткаминерлердин биринин жакын тууганы.



