Коом

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайынын туруксуздугуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Маалыматка ылайык, 15-мартка чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Кооптуулук сакталган негизги тилкелер:

  • Бишкек – Ош унаа жолу: 121-138-чакырымдар (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдар (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу: 55-115-чакырымдар;
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолу: 45-112-чакырымдар (Чапчыма ашуусу);
  • Красная-Горка – Акташ унаа жолу: 0-3-чакырымдар;
  • Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу: 292-305-чакырымдар (Долон ашуусу);
  • Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолу: 201-205, 260-290 жана 326-349-чакырымдар (Көк-Арт ашуусу);
  • Каракол – Эңилчек унаа жолу: 45-90-чакырымдар (Чоң-Ашуу ашуусу).

ӨКМ жолдор тайгак болуп, муз тоңорун эскертет. Унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты катуу сактоо зарыл.

Тектеш кабарлар

Back to top button