Быйыл 13 миң үй-бүлөгө 150 миң сомдон берилет

11-мартка карата республика боюнча «Социалдык контракт» прграммасы боюнча каражат алууга 1825 арыз түштү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда 607 үй-бүлө менен келишим түзүлүп, анын ичинен 341 долбоор айыл чарба багытында ишке ашууда.
«Бүгүнкү күндө арыздарды кабыл улантылууда. Быйыл республика 13 миң 333 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр социалдык контракттын алкагында 150 миң сомдон ала алышат», — деп айтылат маалыматта.
Аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөргө жардам берүүгө багытталган «Социалдык контракт» программасы президенттин демилгеси менен 2022-жылдан бери ишке ашырылууда.
Төрт жылда долбоордун алкагында 48 миң 557 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлүп, бизнес-долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын 73,3 пайызы айыл чарба, 13,8 пайызы өндүрүш, 6,7 пайызы соода-сатык жана 6,2 пайызы кызмат көрсөтүү тармактарында иш алып барышууда.
Буга чейин социалдык контракттын өлчөмү 100 миң сомду түзсө, 2025-жылдан тартып 150 миң сомду түздү. Социалдык контрактты алгачкылардан болуп алган үй-бүлөлөрдүн ичинен 14 үй-бүлөнүн жылдык кирешеси 1 млн сомдон ашты.



