Сыйлык — Швейцарияга саякат. «Кыргыз почтасы» мектеп окуучулар арасында сынак жарыялады

Кыргыз почтасы ААК эпистолярдык жанрдагы эл аралык дилбаяндар сынагын жарыялады. Ага 9 жаштан 15 жашка чейинки мектеп окуучулары катыша алышат.
Компаниянын маалыматына ылайык, балдарга заманбап санарип дүйнөсүндө адамдык байланыштардын мааниси тууралуу ой жүгүртүү сунушталат. Катышуучулар досуна кат жазып, анда санариптештирүү доорунда жандуу баарлашуунун баалуулугун ачып бериши керек. Кат кол менен жазылып, жасалма интеллект технологияларын колдонбостон даярдалышы шарт.
Арыздарды кабыл алуу 10-апрелге чейин уланат.
Улуттук этаптын жеңүүчүлөрүн баалуу белектер — ноутбуктар, заманбап смартфондор жана планшеттер күтөт. Кыргызстандагы эң мыкты дилбаян эл аралык этапка жөнөтүлөт. Ал жакта башкы сыйлык катары Швейцарияга сапар каралган.
Аталган акция Universal Postal Union демилгеси менен өткөрүлөт.



