Манас шаарында 14 кабаттуу турак жай комплексинин курулушу токтотулду

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында 14 кабаттуу турак жай комплексинин курулушу мыйзам бузуулардан улам токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, пландан тышкаркы текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш иштерин жүргүзүү үчүн керектүү уруксат берүүчү документтер жана долбоордук-сметалык документтерге мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу жок экени аныкталган. Мындан тышкары, фундамент плитасын бетон менен куюу иштери жер жумуштары толук бүткөрүлө электе жүргүзүлгөн.
Ошондой эле курулуп жаткан объект курулуштагы объекттердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилбегени белгиленди. Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелеринин бузулушу жумушчулардын өмүрү менен ден соолугуна коркунуч жараткан.
2026-жылдын 10-февралында компанияга мыйзам бузууларды жоюу боюнча эскертүү берилген, бирок талаптар аткарылган эмес.
Жыйынтыгында Легион Констракшн жоопкерчилиги чектелген коомуна 200 миң сом айып пул салынды жана аныкталган мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин курулуш иштери токтотулду.



