Дубайдын эл аралык аэропортунун жанында дрондун чабуулунан өрт чыкты

Дубай шаарындагы Dubai International Airport аэропортунун аймагында учкучсуз учуучу аппараттын (дрондун) чабуулунан кийин өрт чыкты. Бул тууралуу 16-мартта эмираттын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Бийликтин маалыматына ылайык, дрон менен болгон окуянын натыйжасында аэропорттун аймагына жакын жердеги күйүүчү май сакталган резервуарлардын бири күйүп кеткен. Окуя болгон жерге жарандык коргонуу кызматтары жөнөтүлүп, алар өрттү өчүрүү иштерин башташкан.
Маалыматта: «Дрон менен болгон окуядан кийин Dubai International Airport аймагына жакын жердеги күйүүчү май сакталган резервуарлардын бири жабыркады. Жарандык коргонуу кызматкерлери өрттү көзөмөлгө алуу үчүн иштеп жатышат», — деп айтылат.
Бийликтин билдирүүсүнө ылайык, жабыркагандар тууралуу маалымат түшкөн жок.
Жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:10 чамасында өрт локалдаштырылды. Кийинчерээк жарандык авиация башкармалыгы коопсуздук чарасы катары жүргүнчүлөр менен кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аэропортто учак каттамдары убактылуу токтотулганын жарыялады.



