Коом

УКМК чет өлкөгө чыгып, эл аралык террордук уюмдардын катарына кошулууга аракет кылган жаранды кармады

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы  иш-чаралардын алкагында, үстүбүздөгү жылдын 13-мартында КМШ өлкөлөрүнүн биринен Кыргыз Республикасына келген учурда алыскы чет өлкөгө чыгып, эл аралык террордук уюмдардын катарына кошулууга аракет кылган деп айыпталган Н.А. аттуу жаран кармалды.

Аталган  операция өнөктөш атайын кызматтар менен биргеликте жүргүзүлдү.

Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында зарыл болгон атайын тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.

УКМК жарандарды чет элдик эл аралык террористтик жана экстремисттик топторго ресурстарды же башка колдоолорду көрсөтүүгө багытталган аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Тектеш кабарлар

Back to top button