Коом

УКМК тарабынан даярдалган делген документтердин сүрөттөрү чындыкка дал келбейт

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

КР УКМК социалдык тармактарда жана мессенжерлерде Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан даярдалган делген документтин сүрөттөрү тарап жатканын эскертет.

Аталган документ чындыкка дал келбейт жана жасалма болуп саналат. Көрсөтүлгөн материал мамлекеттик органдардын расмий ишмердүүлүгүнө тиешеси жок жана белгиленген жол-жоболорго ылайык  таризделген эмес.

Таратылып жаткан маалыматта катталган делген каржылык которуулардын жана айрым адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар экени тууралуу жалган маалыматтар камтылган. Мындай материалдар белгисиз адамдар тарабынан жарандарды адаштыруу жана жалган маалымат таратуу максатында түзүлгөн.

Жарандарга мындай билдирүүлөргө сын көз караш менен мамиле кылуу, текшерилбеген маалыматтарды таратпоо жана мамлекеттик органдардын расмий маалымат булактарына гана таянуу сунушталат.

Тектеш кабарлар

Back to top button