Окуялар

Asia Mall соода борбору милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды

Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин кызматкерлери жардыруучу зат тууралуу билдирүүгө байланыштуу Asia Mall соода борборунун имаратын курчоого алышты. Маалыматты күч органдары тастыкташты.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 10:58де “102” кызматына Asia Mall соода-оюн-зоок борборунун имаратына бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Дароо окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу жана Бишкек шаарынын Ленин району боюнча ИИБдин жетекчилиги чыгып кетишкен.

Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана эвакуация жүргүзүү максатында имараттын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды.

Учурда тиешелүү издөө жана текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button