УКМК: Интерполдун тизмесиндеги өзгөчө кооптуу кылмышкер кармалды

УКМК Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 1985-жылы туулган Өзбекстан Республикасынын жараны Б.С.ны кармады.
Кармалган жаран эл аралык издөөдө экени жана оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн Интерполдун Улуттук борбордук бюросу аркылуу өзгөчө кооптуу кылмышкерлердин реестрине киргизилгени аныкталды.
Кыргыз Республикасынын УКМК кызматкерлеринин биргелешкен жана кесипкөй аракеттеринин натыйжасында издөөдө жүргөн жаран өз убагында аныкталып, кармалды.
Учурда кармалган жаран Кыргыз Республикасынын УКМКсынын тергөө абагына киргизилди.
Бул факт боюнча кармалган жаранга тиешелүү бардык жагдайларды жана мүмкүн болгон байланыштарын аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
УКМК улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген адамдардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана токтотуу, ошондой эле трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү эл аралык милдеттенмелерди аткаруу боюнча системалуу ишин улантууда.



