Коом

Орозо айт майрамына карата Бишкекте эки линиядагы автобус жүргүнчүлөрдү бекер ташыйт

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиги жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы улуу орозо айт майрамы менен шаардыктарды куттуктайт. Улуу айттын алкагында, Азирети Муфтийдин демилгеси менен борбор калаадагы №38 жана №203 автобустары саат: 12:00 гө чейин жүргүнчүлөрдү бекер ташыйт. Бул туралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, акысыз автобус каттамын уюштурунун максаты айт намазына келген шаар тургундарына жана конокторуна майрамдык маанай тартуулоо, ошондой эле ыйык майрамдын руханий баалуулуктарын даңазалоо болуп саналат.

«Орозо жана Курман айт майрамдары исламдагы улуу кош майрам. Азирети Муфтийдин тапшырмасы менен, орозо айт күнү шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулап, аянтта окула турган айт намазга келген жана кайткан шаар туургундарын, конокторун тейлесин деген аруу тилек менен эки линиядагы 50 автобуска бекер каттам уюштурдук. №38 жана №203 автобустары жүргүнчүлөргө 05:00 – 12:00 арасы бекер кызмат көтөрөт. Иш-чаранын максаты – айт намазын даңазалоо, руханий шаңын сездирүү, намазга ашыккандарга кубаныч тартуулоо», – деп билдирди уюштуруучулардын бири Толкунбек ажы Жуманов. 

Эскерте кетсек, Бишкек шаарында Орозо айт намазы эртең, 20-мартта Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта окулат.

Орозо айт намазынын программасы (Бишкек шаары):

  • 07:00 – 07:30 – Куран окуу;
  • 07:30 – 07:40 – Модератор Шүкүр Исмаилов;
  • 07:40 – 08:10 – Диний баяндар (Жолдошбек Абдылдаев, Бакыт Кайкиев);
  • 08:10 – 08:30 – Азирети муфтийдин сөзү: Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери;
  • 08:20 – 08:30 – Саптан-сап айтуу;
  • 08:30 – 08:50 – Айт намазын окуу жана майрамдык дуба кылуу.

Ал эми аймактарда Орозо айт намазы мечиттерде окулат. Региондордогу жалпы айттык программа:

  • 07:30 – 08:00 – Куран окуу;
  • 08:00 – 08:25 – Диний баяндар;
  • 08:25 – 08:30 – Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
  • 08:30 – Айт намазын окуу.

Белгиленгендей, тоолуу аймактардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн убакыттардын бир аз айырмаланышына уруксат берилет.

Тектеш кабарлар

Back to top button