Коом
Бишкекте 220дай чет өлкөлүк «нелегал» рейидинин алкагында милицияга жеткирилди

Бишкекте мыйзамсыз миграцияга жана экстремизмге каршы багытталган «Нелегал» рейди уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлады.
Иш-чаранын алкагында 220га жакын чет өлкөлүк жаран шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилди.
Учурда кармалгандардын документтери текшерилип, Кыргызстандын аймагында жүрүүсүнүн мыйзамдуулугу жана ар кандай укук бузууларга катыштыгы бар-жогу аныкталууда.
Рейд мыйзамсыз миграцияны аныктоо, бөгөт коюу жана экстремисттик коркунучтардын алдын алуу максатында өткөрүлүүдө.



