Окуялар

УКМК: Каракол шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын директору 5000 доллар пара берип кармалды

КР УКМК тарабынан 2022-жылдын 31-октябрында сотко чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында «Кыргызтеплоэнерго» ишканасынын 2018-2021-жылдардагы текшерүүсундө «Каракол жылуулук менен камсыздоо» мамлекеттик ишканасынын финансы-чарбалык ишмердигинде мыйзам бузуулар аныкталган

Мыйзамсыз аракеттерди документтештирүү жана аталган ишкананын финансылык-чарбалык ишмердигине тиешелүү текшерүүлөрдү уюштуруу максатында 2022-жылдын 16-ноябрына текшерүү дайындалып, анын жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

Текшерүү процессинде Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасынын Каракол шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын директору «О.А.Ж.» Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерине текшерүүнү токтотуу жана аныкталган финансылык мыйзам бузууларды акчалай сыйлоо үчүн аудитордук актыда чагылдырбоо сунушу ачык-айкын сунушталып, бул тууралуу аудио-видео жазуу жасалган.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда («ири өлчөмдө пара берүү») каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында 2022-жылдын 25-ноябрында КР УКМКнын тергөө-ыкчам тобу Каракол шаарынын шартында 5000 АКШ доллары өлчөмүндө пара берип жаткан учурда «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасынын Каракол шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын директору А. О.А.Ж.» аттуу жаран кармалган.

Учурда КР УКМК тарабынан облустун аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана башка мамлекеттик органдардын тутумундагы коррупциялык жана башка мыйзамсыз көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана жоюуга багытталган тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button