26-мартта Бишкектин айрым райондорунда суу берүү токтотулат

Бишкек шаарынын айрым райондорунда жана турак жай массивдеринде 26-март күнү саат 9:00дөн 15:00гө чейин ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Суу турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик жана өндүрүш объекттеринде болбойт.
Өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта жүргүзүлөт: Куренкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская көчөлөрү, Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси, Молодой Гвардия бульвары, БЧК, Саадаев көчөсү. Ошондой эле «Красный Строитель», «Ак-Тилек», «Кольмо», «Алтын Бешик» жана «Салам Алик» турак жай массивдеринде да суу болбойт.
Өчүрүү Северный водозабор суу алуу жайында жана шаардык тармактарда реконструкция иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.
Муниципалдык «Бишкекводоканал» ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундардан жана мекемелерден алдын ала ичүүчү суу камдап алууну өтүнөт.



