Коом

УКМК: Издөөдө жүргөн «Оргтехстрой» ААКсынын башкы директору кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

КР УКМК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн «Оргтехстрой» ААКсынын башкы директору, 01.09.1968-жылы туулган КР жараны И.К.М. кармалды.

Тактап айтканда, И.К.М. «Оргтехстрой» ААКсынын негизги акционерлеринин бири жана иш жүзүндөгү ээси болуп туруп, инвесторлорду атайылап адаштырган. Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн каржылык каражаттар жетишсиз экенин билип туруп, ал компаниянын активдерин күрөө катары көрсөтүү менен инвестиция тарткан, бирок бул активдер буга чейин эле үчүнчү жактарга сатылып кеткен. «Кош сатуу» деп аталган бул схема Кыргыз Республикасынын жарандарына олуттуу материалдык зыян келтирген.

Кылмыш ишин козгоого жабыркаган жарандардын көптөгөн жамааттык кайрылуулары негиз болгон. Шектүүгө мурда эл аралык издөө жарыяланган.

2026-жылдын 24-мартында ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында КР УКМК кызматкерлери тарабынан И.К.М. кармалды. Учурда ал андан аркы тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кылмыштуу ишмердүүлүктүн башка мүмкүн болгон жагдайларын жана бул схемага катышкан адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды улантууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button