Коом

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жыйынында товарлар менен автоунааларды көзөмөлдөөнү күчөтүү маселеси талкууланды

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн бажы кызматтары товарлар менен автоунаалардын кыймылын көзөмөлдөөнү күчөтүү маселесин талкуулашты. Бул жана башка маселелер Бишкекте өткөн Евразиялык экономикалык союзга мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын бириккен коллегиясынын 53-жыйынынын күн тартибине кирген.

Жыйындын катышуучулары ЕАЭБдин ТН ВЭДине ылайык айрым товар категорияларын классификациялоо практикасын, товарлар чыгарылгандан кийин декларацияларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, ошондой эле транзиттик декларацияны толтурууну жөнгө салган актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл бажы транзитин өркүндөтүүгө, жүк ташууну уюштуруунун жаңы ыкмаларын өнүктүрүүгө, ошондой эле жеке колдонуу үчүн товарлар менен транспорт каражаттарынын кыймылын көзөмөлдөөнү күчөтүүгө бурулду.

Ошондой эле бажы кызматтарынын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүү, техникалык колдоонун иштеши жана заманбап санариптик инструменттерди киргизүү маселелери каралды.

Мындан тышкары, ченемдик-укуктук базаны жакшыртуу, тобокелдиктерди башкаруу системасын өнүктүрүү, анын ичинде бирдиктүү баа индикаторлорун колдонуу, ошондой эле бажы экспертизалары жаатындагы методикалык сунуштарды жаңылоо боюнча демилгелер талкууланды.

Жыйынтыгында макулдашылган ыкмалар иштелип чыгып, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасынын коддорун бирдей колдонууга багытталган 22 чечим кабыл алынды.

Тектеш кабарлар

Back to top button