Окуялар
Бишкекте 45 жаштагы аял поезддин алдында калып, көз жумду

Бишкекте 45 жаштагы аял поезддин алдында калды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Бишкектеги Лев Толстой менен Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинде аял кишини поезд тепсеп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Ленин РИИБдин кызматкерлери барышып, аялдын 1977-жылы туулгандыгын аныкташкан.
Факты РИИБге каттого алынып, экспертиза дайындалды. Тергөө уланып жатат.



