Коом

Баткенде өрүктөргө дрон менен дары чачылууда

Баткен районунда өрүк түшүмүн коргоо үчүн заманбап технологиялар киргизилүүдө. Бул тууралуу райондук администрациядан билдирди.

Самаркандек айыл аймагында бакчалар зыянкечтерге каршы атайын дрондордун жардамы менен иштетилүүдө. Негизги максат — айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо жана түшүмдүүлүктү жогорулатуу.

Белгиленгендей, бул ыкма убакытты кыйла үнөмдөйт, дары каражаттарды бир калыпта жана натыйжалуу чачууга мүмкүнчүлүк берет, кол эмгегине болгон муктаждыкты азайтат жана иштердин коопсуздугун жогорулатат.

Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы дыйкандарды алдын алуу чараларын өз убагында көрүүгө жана зарыл болгон учурда бакчаларды иштетүү кызматтарына кайрылууга чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button