Коом

УКМК: Чүй электр тармактар ишканасынын кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан Чүй облусунун мамлекеттик түзүмдөрүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКсына караштуу Чүй электр тармактар ишканасынын айрым кызмат адамдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр жана акча каражаттарын мыйзамсыз системалуу түрдө опузалоо фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, 2026-жылдын 27-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасына катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 70 миң сом өлчөмүндө пара алуу фактысы боюнча «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКсына  караштуу Чүй электр тармактар ишканасынын Сатуу кызматынын Аламүдүн районунун Лебединовка  участогунун башчысы Ж.Э.Ж., ошондой эле аталган кызматтын инспекторлору К.А.Ж. жана М.А.М. кармалды.

КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгы боюнча, аталган адамдар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул сыяктуу фактыларды жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button