Коом

Ош мэриясы кызматтык унааларды электромобилдерге алмаштырды

Ош шаарынын мэриясы түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматтык автоунааларын электромобилдерге алмаштырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматкери билдирди.

Маалымат болгондой, мындай кадам шаардык бюджетти үнөмдөө жана экологиялык стандарттарга өтүү максатында Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен ишке ашууда.

Жакында алты даана жаңы электромобиль мэрдин орун басарларына, шаардык кеңештин төрагасына жана аппарат жетекчисине расмий тапшырылды.

Мэриянын маалыматына караганда, буга чейин колдонулуп келген кызматтык автоунаалар ай сайын орто эсеп менен 3 тоннага жакын күйүүчү май сарптап, жылдык чыгым 3 миллион сомдон ашык болчу. Электромобилдерге өтүү менен бул каражат кыйла үнөмдөлүп, шаар казынасына оң таасир берет.

Мындан тышкары, экологиялык жактан таза транспортту колдонуу аркылуу шаардагы аба сапатын жакшыртуу максаты да көздөлгөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button