2022-жылдан 2025-жылга чейин Социалдык контракт өлкөдө 48 миңден ашык үй-бүлөгө жардам берди

Өлкөдө аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган «Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам» программасы ишке ашырылууда.
Бул программа 2022-жылдан бери иштеп келет. Анын негизги максаты — жарандардын жашоо шартын жакшыртуу жана өз алдынча ишкерлик жүргүзүүгө шарт түзүү.
2022–2025-жылдар аралыгында жалпысынан 48 миң 557 социалдык контракт түзүлгөн. Долбоорлордун басымдуу бөлүгү айыл чарба тармагында (73,3%), ошондой эле өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү тармактарында ишке ашырылган.
Мониторингдин жыйынтыгына ылайык, программанын катышуучуларынын 94,2%ын аялдар түзөт, алардын көпчүлүгү айыл жергесинде жашашат. Программанын алкагында 57 миңден ашык жумуш орду түзүлүп, 228 миңден ашуун жарандын жашоо шартын жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Айрым алгачкы колдоо алган үй-бүлөлөрдүн жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашкан.
2025-жылы бир жолку социалдык жардамдын көлөмү 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн.
2026-жылы 13 миң 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү пландалууда. Бул максатка 2 миллиард сомдон ашык каражат каралган. 2026-жылдын 1-мартына карата 607 контракт түзүлүп, учурда арыздарды кабыл алуу жана катышуучуларды тандоо уланууда.
Кошумча колдоо чарасы катары 2024-жылдан тарта пайызсыз насыялар бериле баштаган. Программанын катышуучулары мамлекеттик банктар аркылуу 200 миң сомго чейин 3 жылдык мөөнөткө насыя ала алышат. Мындай насыяны алуу үчүн ишкердик жүргүзүп жатканын тастыктаган документ (ЖЧК, жеке ишкер же патент) талап кылынат. Бул чара катышуучулардын бизнесин расмий каттоого да көмөк көрсөтөт.
2024–2025-жылдары мындай насыяларды 1,2 миңден ашык ийгиликтүү катышуучу пайдаланган. Программанын алкагында республика боюнча 1 миң 329 чакан ишкана ачылган. Анын ичинен 186сы жеке ишкер катары катталган, 1 миң 143ү патент менен иштейт, ал эми 4ү жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК) түрүндө түзүлгөн.



