Коом

Министрлик Ысык-Көлдө Су-25 учагынан кулаган эки ок-дары тууралуу түшүндүрмө берди

31-мартта, кечке жуук Канттагы аба базадан чыккан Су-25 учагынан машыгуу учурунда окуу-практикалык эки ок-дары ээн талаага түшкөн. Андан кырсыктап, жабыркагандар жоктугун Кыргызстандын Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Ысык-Көлдүн аймагында катталган.

Соцтармактардагы маалыматта мындан улам Сары-Камыш айылынын тушундагы талаада диаметри 2-3 метр болгон эки чуңкур пайда болгону айтылган.

Мындан улам Россиянын Аскердик-аба күчтөрүнүн командачылыгы атайын комиссия түзмөй болгону жана алар жакында Кыргызстанга келе турганы айтылды. Ошондой эле окуянын себеби такталганга чейин окуу-машыгуу токтотулган.

Бул боюнча укук коргоо органдары иликтөө, тергөө, ал эми аскер прокуратурасы текшерүү иштерин баштады.

Тектеш кабарлар

Back to top button