Окуялар

Кочкор районунун мурдагы айыл башчысы  сатып алууларды жүргүзүүдө бюджетке  5,7 млн сом зыян келирген

Мамлекеттик органдардагы коррупциянын алдын алуу жана аныктоо боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Нарын облусунун Кочкор районундагы Ормон-Хан айыл аймагында (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө кылмыш белгилерин көрсөткөн фактылар аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматынын эксперттик корутундусуна ылайык, 2025-жылы Ормон-Хан айыл аймагында мурдагы башчы А.Б.К.нын жетекчилиги алдында мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» жана «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдарынын талаптары бузулуп, натыйжада мамлекеттик бюджетке 5 699 000 (беш миллион алты жүз токсон тогуз миң) сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Мындан улам, 2026-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ормон-Хан айыл аймагынын мурдагы башчысы А.Б.К. кармалып, Нарын ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button