Депутат 75 аксакалдын катын алган эл өкүлдөрүнүн аты-жөнүн ачыктоону талап кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев бүгүнкү жыйында төрага Марлен Маматалиевден 75 аксакалдын катын алган депутаттардын ысымдарын ачыктоону талап кылды.
Эл өкүлүнүн айтымында, төраганын кат боюнча билдирүүсү социалдык тармактарга чыгары менен шайлоочулар ал депутаттардын аттарын атоону суранышкан.
Өз кезегинде, төрага катты ким алып келгени жана ким кабыл алганы толугу менен видеокамераларга тартылып калганын билдирди.
«Кат экс-төраганын атына катталып, анын колуна берилген. Андан кийин ал тарабынан тапшырмалар берилип, депутаттар катары менен ага кирип, андан соң аталган документ комитеттин (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети) кароосуна киргизилген. Өзүңүздөр билгендей, парламентте бир катар окуялар болуп, эми азыр да депутаттар бул маселеге кайра кайрылышты. Негизи муну менен Ички иштер министрлиги алектенип жатат», — деди төрага Марлен Маматалиев.



