Коом

Кыргызстан менен Япония жер титирөө тууралуу алдын ала эскертүүчү системаны талкуулады

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хирано Рюити менен жолукту.

ӨКМдин маалыматына ылайык, тараптар табигый кырсыктардын тобокелчиликтерин азайтуу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү, министрликтин мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну жана заманбап эрте эскертүү системаларын киргизүүнү талкуулашты.

Айрыкча жер титирөөлөр боюнча эрте эскертүү системасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Бул система Кыргызстан калкын жана Борбор Азия өлкөлөрүн мүмкүн болуучу табигый кырсыктар тууралуу өз убагында маалымдоого багытталган.

Япония тарап бул демилгени колдоого жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле тараптар буга чейин ишке ашырылган долбоорлордун алкагында ийгиликтүү кызматташтык болгонун белгилешти. Бул долбоорлор ӨКМдин мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө жана табигый кырсыктардын тобокелчиликтерин азайтууга багытталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button