Коом
Кыргызстандын гуманитардык жардам кербени Иранга жетти

Кыргызстандын гуманитардык жардам кербени учурда Түркмөнстан менен Ирандын чектешкен аймагына жакын Серахс шаарына жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу иштери эртең, 7-апрелде бажы процедуралары толук аяктагандан кийин жүргүзүлөт.
Эске салсак, жалпы көлөмү 129 тонна гуманитардык жардам жүктөлгөн ӨКМдин 7 унаасы 3-апрелде Кыргызстандан Иранга сапар алышкан.



