Коом
10-июлга карата аба ырайы

Бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын аймактарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +32…+37, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34…+39, Таласта +29…+34, Ысык-Көлдө +22…+27, Нарын регионунда +25…+30 градус ысык болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +35…+37 градуска жетет.



