Коом

16-апрелде Бишкектин четиндеги конуштарда суу өчөт

Бишкектин түштүк-батышындагы конуштарда 16-апрелде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, чектөө эртең мененки саат 09:00дөн түнкү 24:00гө чейин созулат.

Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

  • Сарбан, Жал, Жогорку Орок, Кашкабаш, Достук, Селекция, Плодовое жана Калтар айылдары;
  • Жогорку Орок, 105-контур, ЖЭБ-2, Сары-Өзөн конуштары;
  • Ак-Ордо конушу (Ахунбаев көчөсүнүн түштүгү жана Сокулук районуна караган Ахунбаев көчөсүнөн жогорку бөлүгү);
  • Ак-Өргө конушу (Өмүр көчөсүнүн түштүк тарабы).

Мындай чара «Баш-Кара-Суу» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында реконструкция иштерин жүргүзүүгө байланыштуу көрүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button