Коом
Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары чек арадан ID-card менен өтө алат

Протоколго кечээ Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган. Буга чейин документ Жогорку Кеңеште талкууланган.
Жаңы эрежеде транспорттун бардык түрү каралган. Чек арадан өтүү боюнча маалымат электрондук түрдө катталат. Учурда өлкөнүн жарандары чет элдик паспорт менен кирип-чыгат.
@user2



